Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Бишкекте эки милиция кызматкери бычакташты


Бишкектин Ленин райондук милициясынын эки кызматкери чырлашып, бычакташа кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдеги ишенимдүү булактар билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер эс алуу үчүн тоого чыккан. Ал жактан чырлаша кетип, бири экинчисин бычактаган. Учурда жараат алган кызматкер Бишкектеги №4 ооруканага түшкөн. Абалы канаттандыраарлык экени айтылууда.

Бул маалыматы ИИМдин басма сөз кызматы азырынча тастыктай элек.

Бул милиция кызматкерлеринин курал колдонгон алгачкы чырлашуусу эмес. Өткөн апталарда Чүй облустук жол кайгуул кызматынын эки кызматкери чырлашып, бири экинчисин кызматтык тапанча менен атып жиберген. Бул боюнча премьер-министр Темир Сариев чукул жыйын өткөрүп, милиция кызматкерлеринин тартиби тиешелүү деңгээлде эмес деп сынга алган эле.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG