Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Жабык жайлардагы кыйноо боюнча 49 кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын кыйноолор боюнча тергөөчүсү Азамат Бостонов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өткөн 2014-жылда өлкө боюнча 220 адамдан кыйноого кабылганы тууралуу арыз түшкөн. Анын ичинен 49 арыз боюнча кылмыш иши козголуп, 8 факты сотко өткөрүлүп берилген.

Укук коргоочулар жабык жайлардагы кыйноо азайбай келе жатканын белгилеп келишет. Кыргызстанда камак жайларын көз карандысыз көзөмөлдөө программасы кабыл алынып, кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөнүнө карабай, кыйноолор токтобой жатканын эл аралык Мунапыс уюму да белгилеген.

26-июнь кыйноо курмандыктарын коргоонун эл аралык күнү. (YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG