Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Атамбаев: Чек арачылардын алдына жаңы милдеттер коюлууда


Кыргыз чек арачыларынын алдына Евразия экономикалык союзунун тышкы чек араларынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жаңы милдеттер коюлууда. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын чек арачыларынын бүгүнкү кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.

"Сиздер жаңы милдеттерди абийирдүүлүк жана ар-намыс менен аткарасыздар деп ишенем" деп айтылат куттуктоодо.

Бүгүн Кыргызстанда чек арачылардын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул күн 1999-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. (RK)

XS
SM
MD
LG