Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Казакстанда автобус кырсыкка кабылып, бир адам каза тапты


Караганды облусундагы жол кырсыгынан бир адам каза таап, дагы үч киши жаракат алды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына облустук ички иштер департаментинен билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде 17 адам болгон. Автобус Караганды шаарынан Доскей айылын көздөй бараткан жолдо ала салып кеткен. Алдын-ала маалыматтар боюнча, кырсыкка айдоочу автобусту башкара албай калышы себеп болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG