Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Атамбаев электрге тарифти кайрадан карап чыгууну сунуштады


Президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясына тарифти кайрадан карап чыгууну сунуштады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн премьер-министр Темир Сариев президентке электр энергиясынын тарифтик саясатындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берген. Анда 1-июндан тарта калк үчүн 700 кВт. саатка чейин электр энергиясын колдонгондорду 70 тыйындан 84 тыйынга көтөрүү каралып жатканы айтылган. Атамбаев өкмөт башчыга жаңы тарифтик саясатты кайрадан карап чыгууну сунуштады. Президент кышы катаал тоолуу аймактардын тургундарынын шартын эске алууну тапшырды.

Буга чейин өкмөт алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик жарыялаган маалыматка ылайык, 1-июндан тарта учурда 1 кВт. саатына 70 тыйын төлөп жаткандар 84 тыйындан, ал эми 700 кВт. сааттан ашык пайдалангандар 2 сом 20 тыйын болуп көбөйөрү айтылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG