Токтогул шаарында өрт кырсыгынан 22 жаштагы жаран жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык кечээ кечинде катталган. Исраилов көчөсүндө жайгашкан №11 үйдө өрт чыгып, 1993-жылы туулган Бакытбек Жангазиев денесинен 2-даражадагы күйүк алган. Учурда ал райондук ооруканада дарыланууда.
Өрт өчүргүчтөрдүн алдын ала маалыматына караганда, өрттүн чыгышына электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелери сакталбаганы себеп болгон.
Жалпысынан соңку суткада Кыргызстан боюнча 5 өрт кырсыгы катталды. (RK)