Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Алмаз Алимбеков “Кыргызалтындын” жетекчилигине бекитилди


Алмаз Алимбеков “Кыргызалтын” ишканасынын директору болуп бекитилди. Анын талапкерлигин бүгүн ишкананын директорлор кеңеши жактырды. Буга чейин Алимбеков “Кыргызалтындын” директорунун милдетин аткарып келген эле.

Алимбеков буга чейин Экономика министрлигинде табигый ресурстар башкармалыгын, андан соң өкмөттүн Өнөр-жай жана отун-энергетика комплекси бөлүмүн жетектеген.

“Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Токон Мамытов 10-апрелде ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы боюнча позициясына макул болбой кызматтан кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG