Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Дайыр Кенекеев өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн орун басарлыгына дайындалды


Дайыр Кенекеев өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн биринчи орун басарлыгына дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кенекеев 2011-жылы мамлекеттик мүлк министри болуп эмгектенген. Андан соң "Газпромнефть АЭРО Кыргызстан" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагалыгын аракалап келген.

Бейшембиде Таластагы өкмөттүн өкүлдүгүнө Байыш Жуманазаров дайындалган эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG