Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Күндөн заряд алган учак Тынч океандын үстүнөн учуп өтөт


Күн нурунан заряд алган учак
Күн нурунан заряд алган учак

Швейцариялык учкуч Андре Боршберг күндөн заряд алган бир кишилик Solar Impulse үлгүсүндөгү учак менен Тынч океандын үстүнөн учуп өтүү үчүн Кытайдагы Нанкин шаарынан чыкты. Аталган учактын кыймылдаткычы күндөн алган заряд менен иштейт. 8500 чакырым алыстыкты учак алты күндө учуп өтүп, Гавай аралдарына конот. Эгер бул учуу ийгиликтүү өтсө, дүйнөлүк рекорд коет.

Дүйнөнү күндөн заряддалган учак менен айланып чыгуу аракети быйыл март айында Абу-Дабиден башталган. Боршберг жана анын шериги Бертран Пиккар кезек менен учакты башкарып, дүйнөнү кыдырууда. Пиккар 1999-жылы аба шары менен дүйнөнү кыдырып чыккан эле.

XS
SM
MD
LG