Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Депутаттар акыйкатчынын узак мөөнөттүү иш сапарын сынга алышууда


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Бириккен улуттар уюмунун чакыруусу менен Женевага кеткенине байланыштуу бүгүн парламентте отчет бергени жок.

Депутат Наталья Никитенко Аманбаев иш сапарда 1-июндан 19-июнга чейин болору тууралуу эскертилген катты окуп, маселени күн тартибинен алууну сунуштады.

Спикер Асылбек Жээнбеков акыйкатчынын узак мөөнөттүү иш сапарын сынга алып, анын отчетун кароо апрель айынан бери, бешинчи ирет жылдырылып жатканын белгиледи.

“Биз сентябрда да иштейбиз. Ал депутаттар июнда кеткен боюнча келбейт деп атса керек. 19 күнгө чет өлкөгө кетсе, бул жактагы жарандардын укуктарын ким коргойт”, - деди спикер.

Депутаттар акыйкатчынын отчетун анын катышуусуз эле 9-июнда укмай болушту. Аманбаев Европада адам укуктары боюнча баяндама жасары маалымдалган. (МТо)

XS
SM
MD
LG