Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун Марьинка кыштагынын тегерегинде өкмөттүк аскерлер менен жикчилдер ортосунда атышуулар уланууда. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында «Киев-1» батальонунун куратору Евгений Дейдей кабарлады.
УНИАН агенттиги болсо бул тегеректеги атышуу он саатка жакын созулуп, бир адам өлгөнүн жана кеминде 30 украин аскери, 4 жайкын тургун жаракат алганын кабарлады. Оор артиллерия менен танктарды колдонгон согуштук аракеттер 3-июнга караган түнү жанданып, жикчилдер Марьинка кыштагын көздөй чабуул жасаган. Украин куралдуу күчтөрү кыштакты коргоп калды, бирок атыш уланууда. Украин аскерлери кыштактын элин эвакуациялоодо.
Украин коргоо министри Степан Полторак Украина — НАТО парламенттер аралык кеңешинин жыйынында Донбасста ок атышууну токтотуу режими башталган 12-февралдан бери жүздөн ашык украин аскери жана элүүдөн көп жайкын тургун мерт кеткенин билдирди. Коргоо министри жикчилдер тынчтык режимин төрт миң жолудан кем эмес бузганын да белгиледи.