Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Июнь коогасын эскерүүгө келбеген депутаттарга жабырлануучулар нааразы


2010-жылдагы июнь коогасынын курмандыктарына арналган «Эненин көз жашы» монументине гүл койгону келген энелер эскерүүгө депутаттардын келбеген сынга алышты.

"Апрель окуясы менен июнь окуясы бийлик тарабынан бөлүп каралып жатат. Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүүгө президент баш болуп барат. Июнь окуясынын курмандыктарын эскерүүгө бир депутат келип койбойт. Эмне үчүн бир депутат келип, бизге көңүл айтпайт? Балдарыбызды жоготконубуз бир азап, дайыны чыкпай кеткени эки азап, күнөөкөрлөр беш жылдан бери камалбаганы үч азап. Эмне үчүн эч ким бизди укпайт?", - деп нааразылык билдирди коогалаң учурунда баласы дайынсыз жоголгон Шаани Топчубаева.

Топчубаева дайынсыз жоголгондорго бир бөлмөдөн үй берилгенин, ошол эле учурда жеңил жарадар болгондор 2-3 бөлмөдөн алганын да сындады.

Июнь коогасынын беш жылдыгын эскерүүгө келгендер арасында жергиликтүү аткаминерлер менен кошо экс-депутат Бектемир Мурзубраимов гана жүрдү. (YI )

XS
SM
MD
LG