Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Путин Украина боюнча Минск келишимин толук аткарууга чакырды


Орусия президенти жана Италия премьер-министри. Милан, 10-июнь, 2015 -жыл.
Орусия президенти жана Италия премьер-министри. Милан, 10-июнь, 2015 -жыл.

Орус президенти бүгүн иш сапары менен Италияда жүргөн жеринен билдиргендей, ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда Минскте жетишилген келишимди аткаруу Украинанын чыгышындагы уруштар токтоосу үчүн чечүүгө мааниге ээ.

Бүгүн ал Миланда, Экспо -2015 дүйнөлүк көргөзмөсүндө Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен жолукту.

Ренци өз тарабынан Италия менен Орусия ортосунда салттуу достук, ошондой эле айрым маселелер боюнча ар башка позиция бардыгын эске салды.

Путиндин Италиядагы бир күндүк сапары “Чоң жетиликтин” тобундагы өлкөлөр алардын Орусияга каршы санкцияларынын жоюлушу Минск -2 келишиминин аткарылуусуна байланарын, эгер кырдаал талап кылса санкциялар күчөтүлүүсү мүмкүндүгүн эскерткен учурга туш келди.

Еврошаркеттин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Орусиянын Италия менен алака-катышы жакшы.

Бирок Италия өзү кирген “Чоң жетиликтин” турумун бузары арсар.

Италиядагы Бир күндүк сапары учурунда Путин бүгүн Ватиканга барып, Рим папасы Францистин кабыл алуусунда да болот. (UE)

XS
SM
MD
LG