Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

Ысык-Көлдө куткаруучулар жетишсиз


Кыргыз бермети Ысык-Көл
Кыргыз бермети Ысык-Көл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдар кызматынан билдиришкендей, быйыл Ысык-Көл району боюнча куткаруучулук курсун окуп жаткандардын саны 30га араң чамалады. Былтыр бул убакта 92 адам аталган курсту аяктап, жайкы сезондо эс алуучу жайларда иштей баштаган.

Эрежеге ылайык, ар бир эс алуучу жайда кеминде бирден куткаруучу болушу керек. Аларга 6-7 миң сомдун тегерегинде айлык төлөнөт.

Куткаруучулук курсунда окугандар айыл өкмөттөрдүн жана эс алуучу жайлардын жолдомосу менен барат. Суучулдар кызматы жергиликтүү бийлик жиберген балдарды акысыз, ал эми жеке эс алуучу жайлардан баргандардан 3400 сомдон алып окутушат. (AsA)

XS
SM
MD
LG