Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

Кубанычбек Кулматов: менин отставкама негиз жок


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов анын кызматтан кетүүсүн талап кылган депутаттардын жүйөсүн негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, мэрия 8-июндагы катуу шамалдын кесепеттери эки күн ичинде калыбына келтирген жана шаарды өнүктүрүү боюнча колдон келген аракетин көрүп жатат. Бүгүн парламент жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бакыт Калмаматов Кулматов 8-июндагы катуу шамалда өзүнүн шалаакылыгын көрсөттү деп сындап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылган.

8-июнда борбор калаада 50дөн ашуун үйдүн чатырын учуруп, ондогон бак-дарактар кулады. Мындан сырткары нөшөрлөп жааган жаандан Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү каптаган.

8-июнда Бишкек жана Чүйдө ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал болуп, анын кесепетинен Аламүдүн районундагы ГЭС-5 аймагында жашаган 13 жаштагы кыз жана Ысык-Ата районунун Кеңеш айылынын 64 жаштагы тургуну каза тапкан. Борбор калаада 50дөн ашуун үйдүн чатырын учуруп, ондогон бак-дарактар кулаган. Кубанычбек Кулматов 2014-жылдын 15-январынан бери мэр кызматында. (UEz)

XS
SM
MD
LG