Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Варвара Караулова ИМге азгыруу боюнча ишке күбө катары өтөт


Варвара Караулова
Варвара Караулова

Түркиядан депортацияланган Москва мамлекеттик университетинин студенти Варвара Караулова «Ислам мамлекети» радикал тобуна азгыруу боюнча ишке күбө катары өтүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине анын үй-бүлөсүнүн адвокаты Александр Карабанов билдирди.

19 жаштагы Караулова 4-июнда 13 киши менен чогуу Түркия-Сирия чек арасын кесип өтүп баратканда кармалган. Бейшембиде ал Орусияга депортацияланып, Тергөө комитетинде сурак берди.

Анын адвокаты кийинки аптада тергөө иштери жанданарын, Карауловага каршы кылмыш иши ачылбай турганын, ал ишке күбө катары өтөрүн айтты.

Москва мамлекеттик университетинин философия факультетинин студенти май айынын этегинде жоголуп кеткен. Анын ата-энеси алардын кызы «Ислам мамлекети» радикал тобунун торуна чалдыгышы мүмкүн деп шек санаган. Орусиянын ИИМи кызды издеп, Интерполго кайрылган.

XS
SM
MD
LG