Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Ливияда куралдуу топ Тунистин өкүлчүлүгүн курчоого алды


Ливиянын баш калаасы Триполиде куралчан топ Тунистин консулдугун курчоого алып, 10 кызматкерин уурдап кетти.

Тунистин Тышкы иштер министрлиги бул “Тунистин эгемендигине аёосуз чабуул жана эл аралык мыйзамдардын одоно бузулушу" деп айыптап, куралчан топ кимдер экенин айткан жок.

Куралдуу топтор көзөмөлдүк кылган Триполиде ушуга чейин Тунис сыяктуу өкүлчүлүгүн кармаган бир аз эле өлкө калды. Тунис бийликтери өткөн айда куралдуу топтун мүчөсү Валид Калибди адам уурдоого шектүү деп камакка алган. 11-июнда Тунистин соту Калибди бошоткан эмес. Мурдагы исламчыл козголоңчуларды бириктирген Калибдин альянсы өткөн жылы Триполиде өкмөттү кулаткан. Андан бери көпчүлүк өлкөлөр Триполидеги өкүлчүлүктөрүн жапкан.

XS
SM
MD
LG