Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:18

Айрым аймактагы жол кайгуул кызматынын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралат


Өкмөт башчы Темир Сариев жол кырсыктары көп катталып жаткан Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын жол кайгуул кызматынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Эл аралык статистика боюнча Кыргызстанда ар бир жүз миң адамдын жыйырмасы жол кырсыгынан каза болот. Казакстанда бул сан 18, өнүккөн Батыш мамлекеттеринде алты адамды түзөт экен. Ошондуктан, бул жаатта иштешибиз зарыл”, - деди Сариев.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, жол кырсыгынан соңку он жылда он миң киши каза тапкан. Жол кырсыктарынын 85 пайызы айдоочулардын айынан болгон. Көп учурда айдоочулар жол эрежелерин сакташпайт. 2014-жылы жол кырсыктарынан 923 адам жан берип, 9372си ар кандай жараат алган. Каза болгондордун 130у өспүрүм курактагылар. (TSh)

XS
SM
MD
LG