Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Кыргызстандын ЕАЭСке кирүү боюнча келишими Путинге жөнөтүлдү


Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев президент Владимир Путинге Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандын кошулушу үчүн ратификациялоо келишимин жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Темир Сариев 29-майда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, КМШнын өкмөт башчыларынын Казакстандагы саммитинде бул тууралуу сөз болгонун, анда ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргызстанга тиешелүү келишимди тез арада ратификациялоону убада кылганын билдирген.

20-майда кыргыз парламенти Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди ратификациялаган. Андан бир күн өтпөй президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Келишим биримдикке кирген төрт өлкө: Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия парламенттери жактырган соң толук кандуу күчүнө кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG