Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Швециянын ханзаадасы йога машыктыруучусуна үйлөнөт


36 жаштагы Швециянын ханзаадасы Карл Филип менен 30 жаштагы мурдагы топ-модел жана йога машыктыруучусу София Хелквисттин тою Стокгольмдо болмокчу.

Түгөйлөр 2010-жылдан бери жакын мамиледе болуп келген. Швед калкы Софиянын падыша үй-бүлөсүнө аралашуусун “Золушка” жомогуна салыштырууда деп билдирет Би-би-си. 12-июнь күнү тойго чейин өтчү салтанатта падыша Карл Густав VIII жана ханыша Сильвия да катышты. Ханзаада Карл Филип эжеси Виктория жана анын кызы Эстелден кийин тактыга талапкерлик катарда үчүнчү болуп турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG