Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Украина: мунай базасындагы өрттү өчүрүү иштери уланууда


Киев облусундагы мунай базасында 8-июнь күнү чыккан өрт үч күн уланган болчу. Кечээ, 13-июнда түндө өрт кайрадан тутанды.

Маалым болгондой, учурда Куралдуу күчтөрдүн өрт өчүрүүчү танкы даярдалып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысы Николай Чечеткин окуя болгон жерде 180 куткаруучу, 40 өрт өчүрүүчү техника иштеп жатканын билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда, тилсиз жоодон базанын беш кызматкери каза таап, 15 адам жабыркаган.

Киевден 30 чакырымдай аралыктагы Васильков шаарына жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт 8-июнда кечинде башталган. Украин өкмөтү чукул жыйынга чогулуп, аны өчүрүүгө 300дөй өрт өчүргүч тартылган. Өрт адегенде мунай сактаган бир кампадан чыгып, жанындагы 900 метр куб көлөмүндөгү сегиз кампага жайылган.

Мындан улам Киев облусунда жогорку даражадагы өрт коопсуздугу жарыяланып, куткаруучулар күйүп жаткан мунай базасынан эки чакырым аралыкта жашаган элди чыгаруу иштерин жасаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG