Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

NYT: АКШ Чыгыш Европага оор аскердик техникаларын жайгаштырууну көздөөдө


Кошма Штаттар Орусиянын Украинадагы аракеттеринен улам өзүнүн өнөктөштөрүнүн коопсуздугун чыңдоо үчүн Чыгыш Европага оор аскерий техникаларын жайгаштырууну пландоодо.

New York Times гезити бул маалыматты АКШнын бийлигине жана анын союздаштарына таянып, ишемби күнкү санына жазып чыкты. Балтика өлкөлөрүнө жана Чыгыш Европага 5000 аскер да жайгаштырылышы мүмкүн.

New York Times муну Вашингтон менен НАТОнун Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн кабыл алган эң олуттуу кадамдарынын бири деп эсептейт.

Орусия былтыр мартта Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Донецк менен Луганскта орусиячыл жикчилдер эки чөлкөмдүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Буга байланыштуу Орусияга карата АКШ жана Евробиримдик санкцияларды киргизген. (TSh)

XS
SM
MD
LG