Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Тбилиси: суу ташкынынын курмандыктары ондон ашты


Тбилисиде Вере дарыясы ташкындап, жолундагылардын баарын агызды. Кырсыктан 13 адам өлүп, дагы 10 киши дайынсыз болууда.

Грузиянын борборунда 13-июндун кечинде нөшөрлөп жааган катуу жаандан улам ондогон үйлөрдүн биринчи кабаттарын, жер төлөлөрдү суу каптап, унаа жолдорду, электр зымдарды керектен чыгарды. Ташкындаган суудан улам коомдук транспорт да толугу менен жүрбөй калды.

Шаарда жайгашкан зоопарк талкаланып, каза тапкандардын арасында зоопарктын эки кызматкери да бар.

Ошондой эле зоопарктагы ондогон жаныбарлар өлүп, бир канча жолборс, аюу, арстан, карышкыр жана башка жапайы жаныбарлар качып кеткен. Алардын айрымдары кармалса, кээ бир жапайы жаныбарларды атып салууга мажбур болушту. Азыр дагы канча жырткыч эркиндикте жүргөнү белгисиз.

Премьер-министр Ираклий Гарибашвили тбилисиликтерди үйдөн чыкпай турууга жана балдарды да көчөгө чыгарбоого чакырды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча кырсык 50 млн. доллар чыгым алып келди. Тбилиси мэриясынын билдиришинче, 40тай үй-бүлө башпаанасыз калды.

XS
SM
MD
LG