Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Иранда алгачкы таанышуу сайты иштей баштады


Ирак бийлиги өлкөдөгү биринчи жолу ишке кирген расмий таанышуу сайты үй-бүлө куруучулар үчүн ылайыкташканын билдирди. Жаштар жана спорт министринин орун басары Махмуд Голзари интернет барактын ачылуу аземинде сүйлөп жатып, мамлекетте бойдоктордун саны 11 миллиондон ашканын, бул олуттуу көйгөй экендигин айтты.

Hamsan.Tebyan.net сайтына каалаган жаран өзү тууралуу маалымат жайгаштырып, издеп жаткан адамы жөнүндө билдирүү калтырышы керек. Аны эксперттер текшергенден кийин коомчулукка жарыяланат. Бийлик өкүлдөрү аталган платформа нике үчүн гана кызмат кыларын, башка максатта пайдаланууга тыюу салынарын жарыялады. (SE)

XS
SM
MD
LG