Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Пакистанда жети адам өлүм жазасына тартылды


Орозо айы башталар алдында Пакистанда абакта отурган адамдар арасынан кеминде жети киши өлүм жазасына тартылды. Бийлик орозо учурунда мындай өкүм убактылуу токтотуларын билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, мамлекетте өлүм жазасына киргизилген мораторий өткөн жылдын декабрында жоюлгандан бери түрмөлөрдөгү 160 адам дарга асылды. Amnesty International уюмунун маалыматы боюнча ушул тапта Пакистандагы абактарда 8 миңдей адам ушундай жазаны күтүп олтурат.

Европа биримдиги жана БУУ мындай катаал жазага мораторий киргизүүнү Исламабадга сунуштап келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG