Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Венгрия Сербия менен чек арасына дубал курат


Венгрия -- тышкы иштер министри Петер Сийярто
Венгрия -- тышкы иштер министри Петер Сийярто

Венгрия бийликтери мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуу үчүн ушундай чарага барууга ниеттенип жатат. Бүгүн тышкы иштер министри Петер Сийярто өлкө өкмөтү Ички иштер министрлигине 175 чакырымга созулган чек ара тилкесине төрт метр бийиктиктеги дубал курууга даярдыкты баштоону тапшырганын билдирди. Ал иммиграция азыр Евробиримдик кабылган олуттуу проблемалардын бири экенин, ЕБ аны чечүүгө аракеттенип жатканын, бирок Венгрия мындан ары күтө албасын айтты.

2014-жылдын экинчи жарымынан тарта Венгрияга Сербия жактагы чек арасынан келген мигранттардын саны кескин өсүп кеткен. Быйылкы жыл башынан бери эле 54 миң качкын өлкө бийликтерине баш калка берүү өтүнүчү менен кайрылган. Былтыр бул көрсөткүч 43 миңди түзсө, 2012-жылы 2150 гана болгон.

XS
SM
MD
LG