Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:19

Украинада Коопсуздук кызматынын башчысы иштен бошотулду


Валентин Наливайченко.
Валентин Наливайченко.

Президент Петро Порошенконун Валентин Наливайченкону кызматтан бошотуу сунушун Жогорку Рададагы 450 депутаттын 248си колдоду.

49 жаштагы Наливайченко Украинанын Коопсуздук кызматын 2006-2010-жылдары башкарып, кайра бул кызматка 2014-жылы февралда, Порошенко президенттикке шайланардан үч ай мурда келген. Ал украин президентинин колдоочусундай көрүнчү эмес. Украин медиасынын кабарына караганда, жакында Порошенко Наливайченкону тышкы чалгын кызматынын башчылыгына жылдырууга аракеттенген.

Коопсуздук кызмат башчысынын иштен алынуусуна тушташ Украинанын чыгышында атышуулар уланууда. Армиянын басма сөз өкүлү Андрей Лысенконун айтымында, алар акыркы 24 саатта үч аскерин жоготуп, 14ү жаракат алды. (UE)

XS
SM
MD
LG