Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

“Ислам мамлекети” тобу Ооганстанды чалгындоо баскычында


Бул тууралуу Пентагон АКШ Конгрессине жолдогон жаңы баяндамада айтылат. Анда көргөзүлгөндөй, “Ислам мамлекети” тобу азыр Ооганстанда кеңейүүнүн жолдорун издеп жатат жана азыр баштапкы чалгындоо баскычында турат.

Бул экстремисттик топ Ооганстанда бар экенин азырынча өзү да моюнга ала элек. Бирок ал Ооганстанда да аракеттене баштады деген кооптонуулар айтылып келген.

16-июнда Талибан “Ислам мамлекети” тобуна Ооганстан аймагында аларга тең катар иш жүргүзбөөнү эскерткен. Ага чейин Талибан менен “Ислам мамлекети” тобуна жан тарткан согушкерлер ортосунда кагылыштар чыкканы кабарланган эле.

Пентагондун болжолунда, “Ислам мамлекети” тобу Ооганстанда кеңейүү аракетин алдыдагы жылы да улантат, Талибан жана башка козголоңчул, террорчул уюмдар менен атаандаштыкка умтула берет. (UE)

XS
SM
MD
LG