Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Жээнбеков Жолдошевага: Баарына тийише берип ушу күнгө жеттиңиз


Бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Жылдызкан Жолдошева кайрадан кайым айтыша кетти. Микрофонду күйгүзүүнү суранган депутат Жылдызкан Жолдошевага төрага процедуралык маселе болбосо сөз берилбесин эскертти. Ал эми депутат "Мага келгенде эле процедура болуп калат. Беш жыл ичинде ушул 3-микрофонду жакшы эле өчүрдүңөр..." деди.

Ал эми Жээнбеков мамиле баарына бирдей экенин эскертип:

- Маселе боюнча сүйлөңүз, тийишпей. Баарына тийише берип ушу күнгө жеттиңиз. Биз маданияттуулукту көрсөтсөк сизден чочуйт, коркот деп ойлойсуз окшойт. Эч ким сизден коркпойт, чочубайт. Сыйлаганды такыр билбейт экенсиз, - деп микрофонду өчүрүп койду.

Жылдызкан Жолдошева парламентке 2010-жылы "Ата-Журт" фракциясы аркылуу шайланып келген. 2014-жылдын апрель айында ал фракция лидери болуп дайындалган. Быйыл март айынан бери "Ата-Журт" башка жетекчи тандаганы кабарланууда. Бирок Жолдошева өзү муну мыйзамсыз чечим деп атап келет.

Спикер менен депутат айым буга чейин да парламенттин жалпы жыйынында кайым айтышканы белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG