Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Жукеев-Пудовкин атындагы көчөнүн жолу 1-августта оңдолуп бүтөт


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун билдиришинче, бул жолдун асфальт кыртышы толугу менен алмаштырылып, жаңы тосмолор коюлат. Ушул тапта ишти тездетип, жолдун бир тарабын транспорт кыймылы үчүн ачуу маселеси каралууда.

Жол кытай грантынын эсебинен оңдолуп жатат. Мындан тышкары Аалы Токомбаев атындагы көчөдөгү көпүрөнүн курулушу кийинки жылы бүтөт. Бул долбоордун баасы 1 миллиард сомду түзөт жана ал да кытай грантынын эсебинен оңдолот. Ал эми Патрис Лумумба көчөсүн оңдоо толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрөт.

Жолдорду оңдоо иштер менен таанышкан премьер-министр Темир Сариев жол жээгиндеги кызыл чектен өтүп кеткендерге чара көрүүнү тапшырып, Бишкектеги мыйзамсыз курулуштардын баарын түрттүрүү керектигин эскертти. (AzK)

XS
SM
MD
LG