Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Магаданда Навальныйдын тарапкерине кол салуу болду


Магаданда эки белгисиз адам оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкери Дмитрий Тараловго кол салды.

Навальныйдын бир нече тарапкери облустук думага даярдык көрүүгө байланыштуу Магаданга жүрүшөт. Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкери Георгий Албуров буга чейин тажрыйба жүргүзүү иретинде шайлоого антикоррупциялык программа менен гана барууну чечкендиктерин билдирген. Региондо кол чогултууга жооптуу активист Анна Веллилок Твиттердеги баракчасында Тараловго кол салуу базарда болгонун жана анын тиши сынганын жазып чыкты.

Активисттерге полиция келип, алар чогуу кол салгандардын унаасын базар имаратынын артынан табышты. Машиненин ичиндеги адамдар полиция талап кылганына карабай бекинип, чыкпай отурушкан. Мындан улам полиция абалды жөнгө салбастан кетип калган. (AzK)

XS
SM
MD
LG