Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Сенатор Маккейн АКШны Украинага курал берүүгө чакырды


Америкалык сенатор Жон Маккейн Кошмо Штаттарды орусиячыл жикчилдер менен күрөшүп жаткан украиналык күчтөргө курал жөнөтүүгө чакырды. Маккейндин пикиринде, орус президенти Владимир Путин Украинаны бөлүп-жарууга кызыкдар, мындан улам учурунда чара көрбөй коюу Батыш үчүн уят болот деп эскертти.

Киевдеги өткөн маалымат жыйында Маккейн менен кошо сөз сүйлөгөн сенатор Том Коттон батыш лидерлери Чыгыш Украинадагы жаңжалды чечүүнүн көптөгөн жолдорун сунуштаганына карабай, Путин аларга көңүлкош мамиле кылгандыгын белгиледи.

Украина буга чейин өзүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн эл аралык жардам сураган. Батыш өлкөлөрү азырынча курал берүүдөн баш тартып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG