Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Онтарио соту “Кыргызалтындын” апелляциясын канааттандырды


Онтарионун Апелляциялык соту “Кыргызалтын” ишканасынын арызын канааттандырып, Онтарио Жогорку Сотунун судьясы Торбондун 2014-жылдын 15-апрелиндеги чечимин жокко чыгарды. Мындай чечим 19-июнда чыкканын бүгүн кыргыз өкмөтүнөн кабарлашты.

Былтыр 15-апрелде Онтарионун Жогорку Соту түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясынын ишине байланыштуу чечим чыгарган. Анда "Кыргызалтын” “Центерра Голддун” акцияларына бенифицардык укукка ээ экени жана Шериф чечимди аткаруу үчүн аталган акциялар менен дивиденддерди камакка алуусу керек экени айтылган.

Онтарионун Жогорку Сотунун бул чечимине каршы “Кыргызалтын” апелляциялык арыз жолдоп, соттун чечимин аткарууну токтотууну суранган.

Мындай чечимди кабыл алууга Онтарионун Жогору Соту 2014-жылдын 15-апрелинде чечим чыгарууда соттук процедураны бузуу менен Канаданын мамлекеттик иммунитети жөнүндөгү мыйзамдарында талап кылынган сот чечими тууралуу Кыргызстанды кабардар кылбаганы негиз болду. (RK)

XS
SM
MD
LG