Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Брюсселде ЕБнын чукул саммити башталууда


Евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Грециянын карызы боюнча кризисти жөнгө салууга аракет көрүшмөкчү. Ушул айдын этегине чейин Афина Эл аралык валюта фондунан алган 1,6 миллиард евро кредиттен кутулууга тийиш.

Карыз кризисинин кайрадан курчушу Греция Эл аралык валюта коруна 30-июнда 1,8 миллиард долларды төлөп берүү мөөнөтү келип калганына байланыштуу. Бирок казынада акча жок грек өкмөтү аны жабуу үчүн жаңы карыз алууга муктаж.

Кредиторлор жаңы карыз берилиши үчүн өкмөт айрым реформаларга баруусун, маселен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы менен пенсияга кеткен акчаны кыскартууну, кошумча нарк салыгы алынуучу товарлардын тизмесин кеңейтүүнү талап кылууда.

Бирок бийликке солчул идеялары жана үнөмдөөнү токтотуу убадасы менен келген премьер Алексис Ципрастын өкмөтү мындай чараларга баруудан баш тартып жаткан.

XS
SM
MD
LG