Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Сот Самаковдуку делген жерди элге кайтарды


Кара-Жыгач айылынын тургундары Самаковго каршы бир канча ирет нааразычылык акциясына чыгышкан. 28-май, 2014-жыл
Кара-Жыгач айылынын тургундары Самаковго каршы бир канча ирет нааразычылык акциясына чыгышкан. 28-май, 2014-жыл

Чүй облусунун райондор аралык соту Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушундагы депутат Карганбек Самаковго таандык делген 42 гектар жайыт жерди айыл өкмөттүн карамагына кайтарган чечимин чыгарды.

Мындай чечимге тараптардын тынчтык келишими себеп болду. Самаков аталган жерди 2008-жылы сатып алып, 2013-жылы башка адамга сатып жиберген. Сот чечимине ылайык, айыл өкмөтү жер ээсинин 20 млн. сомун кайтарып бериши керек. Өзүн жердин мыйзамдуу ээси санаган ишкер Самат Рахманбердиев эки жылдан ашык созулган соттук териштирүүлөрдөн тажаганын айтууда.

- Мен Кара-Жыгачка коттедж шаарчасын курайын дегем. Эки жылдан бери жергиликтүү эл каршы болуп туруп алды. Анан кантип бизнес баштамак элем? Айла жок жерди берип, акчамды кайра алайын деп чечтим. Ошондон бери акчадан же жерден жок жүрдүм. Эми айыл өкмөт 20 млн. сомумду кайтарып берсе, башка иш баштайм. Бирок мен жерди мыйзам чегинде сатып алгам.

Кайтарылган жердин күйүтү

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкектин жака белиндеги 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеген деп Карганбек Самаковго кылмыш ишин ачкан. Аталган жер тилкелеринин 42 гектары Кара-Жыгач конушуна таандык. Жайытынан айрылган конуш тургундары бир нече ирет митингге чыгышып, соттон акыйкаттык талап кылып келишкен.

Айыл өкмөт башчысы Нурлан Тойчубековдун айтымында, кайра алынган жердин жайыт бойдон калары же үй курууга бөлүнөрү азырынча белгисиз.

- Бул жер башында Карганбек Самаковдун уулуна катталган болчу. Андан кийин кагаз жүзүндө башкаларга сатылып кетиптир. Эми минтип сот чечимине кубанып турабыз. Бирок жерди бөлүштүрүү боюнча башка сотторго да кайрылганбыз. Анткени 2008-жылы жайыт жерибизге курулуш курууга уруксат алынып калган. Жайыт бойдон калабы же үй курууга бөлүштүрүлөбү, аны сот чечет. Бирок жердин 20 млн. сому айыл өкмөттө, сот тарабынан камакка алынган болчу.

Жергиликтүү эл 42 гектар жер мыйзамсыз сатылган деп эсептешет
Жергиликтүү эл 42 гектар жер мыйзамсыз сатылган деп эсептешет

Жайыт жерге курулуш курууга уруксат берген аткаминерлер сот жообуна тартылышы керек. Мындай пикирин айылдын жер комиссиясынын төрагасы Бахирдин Юсупов ортого салды. Анын айтымында, 2013-жылы жерди мыйзамсыз саткан район акимине кылмыш иши козголгон, бирок ал жазадан тез эле кутулуп кеткен.

- Негизги маселе жерди сатып алгандарда эмес. Убагында жер сатууга аралашкандарды жоопко тартыш керек болчу. Алар элдин жайыт жери сатылып жатканда унчукпай кол коюп беришкен.

Самаковдун жерлери жана иштери

Жашы 73кө келген айыл тургуну Гүлия Абдылдаева Кара-Жыгачта 1,5 миңге жакын адам бештен сотых жерге жетпей жатса, капчыктуулардын гектарлаган жерлерди сатып алып жатканына нааразы. Жашы өтүп калганына карабай 40ка чукул айылдаштары менен сот отурумуна ал да катышты.

- 42 гектар жерибизди шылуундарга алдырып, барбаган жерибиз калган жок. Кара-Жыгачта мындан башка жер такыр жок. Миңден ашык киши жер алам деп кезерип кезек күтүп турат. Чоңдор карапайым элди ойлосо боло.

Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаков 2007-2008-жылдары Бишкектин четиндеги Лебединовка, Байтик жана Кара-Жыгач айылдарынан жалпысынан 262 гектар жерди сатып алып, айдоо аянттарын мыйзамсыз түрдө калкттуу пункттарга айлантканы айтылып келет.

Прокуратура Самаков аталган жерлерге гольф талаасын, аквапарк жана башка көптөгөн курулуш объекттерин курам деген шылтоо менен кийин жер тилкелеринин көбүн сатып, 8 млн. доллар пайда көргөнүн маалымдап, кылмыш ишин козгогон.

Бирок депутат жерди менчик ээлеринен мыйзамдуу жол менен сатып алганын жүйө кармап келет. Башкы прокуратура Самаковго 14-майда кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камакка алган. Кийинчерээк сот аны үй камагына чыгарган.

XS
SM
MD
LG