Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Көлдө “Айыл банктын” адиси көз боёмочулукка шектелүүдө


“Айыл банктын” Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы бөлүмүнүн адиси өзүнүн айылдашына жеңилдетилген насыя алууда жардам көрсөтүп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Облустук милициянын маалыматына караганда, айыл тургуну насыяны “Айыл чарбаны каржылоо” долбоору аркылуу алып, банктын кызматкери көрсөткөн кызматы үчүн 120 миң сомго ээ болгон.

Териштирүү учурунда мындан сырткары банк адиси насыя алуучуну алдоо жолу менен 415 миң сомун алып, жалпы материалдык зыян 535 миң сомду түзгөн деп шектелүүдө. (AsA)

XS
SM
MD
LG