Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Согушкерлер Сириянын Пальмира шаарында эки мавзолейди жардырды


Байыркы Пальмира шаарында "ИМ" тобунун кара желеги илинип турат.
Байыркы Пальмира шаарында "ИМ" тобунун кара желеги илинип турат.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Сириянын байыркы Пальмира шаарында эки мавзолейди жардырып жиберишкени белгилүү болду. Сириянын байыркы эстеликтер жана музейлер боюнча мекемесинин башчысы Маамун Абулкаримдин айтымында, жардырылган күмбөздөрдүн бири Мухаммед пайгамбардын аталаш иниси Алинин тукуму Мухаммед бен Алиники, экинчиси мындан 500 жыл мурда жашаган таанымал суфий аалымы Низар Абу Баха Эдиндики.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерватория согушкерлер Пальмиранын борборундагы байыркы эстеликтердин урандыларына мина койо баштаганын өткөн аптада маалымдаган эле. Алар бул чарага Сириянын өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан коргонуу, же байыркы жайларды талкалоо максатында барганы белгисиз болуп жаткан. Бүгүн жардырылган күмбөздөр Пальмиранын борборунан анча алыс эмес.

Тарыхы 1-2 кылымдарга барып такалган Пальмираны халифатчылар өткөн айда ээлешкен.

XS
SM
MD
LG