Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Еврошаркет Борбор Азия боюнча жаңы стратегия жарыялады


Еврошаркет Борбор Азия менен кызматташуунун жаңы стратегиясын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн Европа өлкөлөрүнүн элчилеринин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды.

Стратегияны ишке ашырууга уюм келерки 7 жылга жалпы аймак үчүн 1 миллиард 68 миллион евро бөлүп бермей болууда. Бул каражат демократияны коргоо, чек араларды бекемдөө, маңзат көзөмөлүн жакшыртуу, суу маселелерин чечүүгө жумшалмакчы.

АКШ жана Еврошаркет Орусия Крымды аннексиялап алышына байланыштуу санкцияларды киргизген. Ал эми Армения, Беларус, Орусия жана Казакстан кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстанды тартуу планы расмий Москванын аймакта геосаясий үстөмдүк орнотуу аракети катары бааланууда. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG