Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Армениядагы нааразылык акциялары уланууда


Еревандагы нааразылык
Еревандагы нааразылык

Ереванда миңдеген демонстранттар электр энергиясынын баасын 16 пайызга көтөрүү чечимин жокко чыгаруу талабы менен шаардын борбордук көчөсүн дале жаап турушат. Кечээ армян өкмөтү алардын талабын аткаруудан баш тарткан.

Акциянын лидерлерине президент Серж Саркисян менен сүйлөшүү сунушталды. Бирок алар сүйлөшүү түз эфирде көрсөтүлүшүн талап кылууда. Армения полициясынын башчысы Владимир Гаспарян президентке мындай талап коюуга эч кимдин укугу жок экенин айтып, демонстранттарды сабырдуулукка чакырды.

19-июнда башталган Еревандагы нааразылык 23-июнда полиция демонстранттарга суу атып, күчтөп тараткан соң күч алып кеткен. Ошондон бери күн-түн дебей уланып жаткан акцияга күнүнө жок эле дегенде 5-6 миңдей киши катышууда.

Армениянын электр тармактарына Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы ээлик кылат. Тарифти 16 пайызга көтөрүү боюнча жаңы кабыл алынган чечимге ылайык, 1-августтан тарта өлкөдө электр энергиясынын бир киловатт сааты 10 цент, же кыргыз сомуна оодарганда 6 сомдон ашыгыраак акча болот.

XS
SM
MD
LG