Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Бишкекте кайыкта жарышуу боюнча чемпионат өтүп жатат


"Ала-Арча-1" суу сактагычында байдаркада жана каноеде жарышуу боюнча өспүрүмдөр жана чоңдор арасында Кыргызстандын ачык чемпионаты бүгүн аяктайт. Спорттун аталган түрү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Олег Рогановдун "Азаттыкка" билдиришинче, 26-июнда башталган мелдешке Бишкек, Чолпон-Ата шаарларынан жана Ысык-Көл облусунун Тамга айылынан келген 120 спортчу катышууда. Жарышка чыккандардын арасында дүйнө чемпиондугун коло байгесинин ээси, украиналык Андрей Осадчук да бар.

Байгелер кыз келиндер жана эркектер арасында 200, 500 жана 1000 метр аралыкта жеке, экиден жана төрттөн бир кайыкта жарышуу боюнча ойнотулууда. Мелдеш жыйынтыгы менен тандалган өлкө чемпиондору дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат. Чоңдор арасында дүйнө чемпиондугу август айында Италиянын Милан шаарында өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG