Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:31

Турсунбеков: мыйзам долбоорун чакыртып алууда коомчулуктун пикири роль ойноду


Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жазылган мыйзам долбоорун чакыртып алууда коомчулук арасындагы каршы пикирлер роль ойногонун парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин токтото турууну өтүнүп, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирген фракция башчыларына кайрылган. Фракция лидерлери бул сунушту кабыл алган.

Турсунбеков президент эми гана орноп келаткан стабилдүүлүктү бузбоо максатында ушундай сунуш айтканын белгиледи.

Парламенттеги башкаруучу коалиция быйыл күзүндө парламенттик шайлоо менен чогуу референдум өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген болчу. Өзгөртүүлөр президенттин, премьер-министрдин, депутаттардын ыйгарым укуктарын кеңейтмек. Ошондой эле Конституциялык палатанын статусуна жана судьяларды дайындоого байланыштуу өзгөртүүлөр бар.

Бул демилге бир катар эл аралык уюмдар жана жарандык коом тарабынан сындалып, демократияга коркунуч жаралары белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG