Райондун Атабеков айыл аймагындагы 100дөн ашык окуучу билим алган №105 Абат негизги орто мектеби ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдолду. Бул тууралуу мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басары Равшанай Заяева “Азаттыкка” билдирди. 2006-жылдан бери балдар эски саунанын имаратында шарты жок абалда окуп келишкен. Эмеректер жетишсиз болуп, полдору дээрлик жарактан чыккан.
Курулушка айыл өкмөт 50 миң, ата-энелер 50 миң жана “Абад” коомдук фонду 300 миң сомдук салым кошкон. Бул долбоор БУУнун качкындар программасынын колдоосунда ишке ашканын фонддун координатору Жылдыз Чойбекова айтты.
Жалал-Абад облусунун аймагындагы жалпы 473 мектептин ичинен 37си авариялык абалда. (RsK)