Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Бишкекте мыкты дарыгерлер сыйланды


Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши 21-июнда белгилеген медициналык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата салтанатуу иш-чара уюштурду. Анда дарыгерлер Хаки Бебезовго, Талант Өмүрбековго жана 2010-жылдын 7-апрель окуяларында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүдө күжүрмөндүгүн көрсөткөн медайым Мадина Иминовага “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” аттуу сыйлыктын күбөлүктөрү тапшырылды.

Мындан тышкары 70 дарыгер жана медайымдарга шаардык кеңештин ардак грамоталары жана ыраазылык каттары тапшырылды. 10 жылдан 64 жылга чейинки иш тажрыйбасы бар медицина кызматкерлерине 16 шаардын герби тартылган күмүш белгилер ыйгарылды. Ошондой эле 7 медициналык мекеме ар кандай номинацияда мыкты деп табылды.

Бишкектин саламаттыкты сакттоо системасында 8 миң кызматкер бар. Алар шаардагы 46 дарылоо-профилактикалык мекемелеринде иштешет. Ар бир кызматкерге 140 шаар тургуну туура келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG