Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Индия Пакистанды террорчулар менен күрөшүүгө мажбурлады


Акчанын изин жашыруу аракети менен күрөшкөн "Финансылык чараларды иштеп чыгуучу эл аралык топ" (ФАТФ) Пакистандын террорчулар менен күрөшүү аракетин көзөмөлгө алат. Пакистан БУУнун тизмеси боюнча "ал-Каиданын" мүчөлөрү, үч террорчу Хафиз Саид, Давуд Ибрагим жана Заки-ур – Рехман Лахвилердин экономикалык ресуртарынын жана банктык эсептерин чектөөгө алышы керек.

Индиянын бийликтери буга чейин Пакистанды "террорчулар менен күрөшпөй жатат" деп айыптап, Хафиз Саид менен Давуд Ибрагим Пакистанда ээн-эркин жүргөнүн билдирген. Көп өтпөй дагы бир террорчу Рехман Лахвини Пакистан чиновниктери абактан чыгарып жибергени белгилүү болгон. Бул маалыматтарды Пакистан бийликтери четке каккан.

Австралиянын Брисбен шаарында 26-июнда өткөн терроризмге каршы эл аралык жыйында Пакистанды Индия дагы сынга алып, АКШ да эскертүү берген. Ушундан кийин "Финансылык чараларды иштеп чыгуучу эл аралык топ" (ФАТФ) Пакистандын террорчулар менен күрөшүү аракетин көзөмөлгө алары айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG