Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Кыргызстанда жыл башынан бери 30 киши сууга чөккөн


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери 30 киши сууга чөксө, анын жетөө балдар.

Жайкы сууга түшүү сезону башталгандан бери 14 киши каза болсо, үчөө балдар.

Былтыр 2014-жылы өлкө боюнча 82 киши, анын ичинде 26 бала каза тапкан. Аларды ичинен жай мезгилинде каза тапкандардын саны 57 киши болсо, 16сы балдар.

Адистер күн катуу ысыган маалда сууга түшүүдө сак болууга, өзгөчө балдар коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат. Эгер кимдир бирөө кырсыкка кабылганын байкап калсаңыз, ошол замат 112 мамлекеттик билдирүү диспетчердин нөөмөт кызматына же 101 телефонуна кайрылуу керек. (AzK)

XS
SM
MD
LG