Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Жалал-Абадда айдоочулар үчүн «Иптар» акциясы өтүүдө


Облустук милициянын демилгеси менен Рамазан айында айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө атайын иптар үчүн даярдалган белектер жана хадистер камтылган илмек-баракчасы таратылууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш - чара “Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун алкагында өтүп, ага алдыңкы спортчулар жана жаштар коомдору көмөк берүүдө. Максаты – Рамазан айында жергиликтүү тургундарды ыйманга чакырып, айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында жол коопсуздугун камсыздоо, жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет.

1-июлда Жалал-Абад шаарынан башталган акция үч күнгө уланып башка район, шаарларды да кыдырат. Жалпысынан миңден ашык иптарлык баштыкчалары даярдалган. (RsK)

XS
SM
MD
LG