Республикалык соттук-экспертиза борборунда кыйноого кабылган кишилерге текшерүү жүргүзгөн атайын бөлмө иштей баштады. 2-июлда анын ачылышы болуп, зарыл жабдыктар менен камсыздалды. “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 10 миң доллардан ашык каражатка ачылган бөлмө калың айнек-дубал менен жабылган.
Буга чейин кыйноого кабылгандарды өзүнчө текшерген бөлмөлөр болгон эмес. (SE)