Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Орусия Сирияга кетем деген аялды Кыргызстанга өткөрүп берди


Кыргызстандан Сирияга жихадга аттанып, Орусияда кармалган 25 жаштагы келинди Москва Бишкекке өткөрүп берди. Ал 25-июнь күнү “Домодедово” аэропортунда колго түшкөн. Ал беш жана эки жаштагы кыздарын күйөөсүнө таштап, Москвага барып, андан ары Түркия аркылуу Сирияда өзүн өзү жардырып жиберүүгө да даяр болуп, согушка жөнөгөнүн билдирген эле.

Учурда УКМК аны жихадка чакырган булактарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын аталган мекемеден “Азаттыкка” кабарлашты.

Сирия жана Ирактагы калабага кеткен кыргызстандыктардын расмий саны аялдарды жана балдарды кошкондо 300дөн ашат. Алардын 31и ошол жакта каза тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG