Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

The Telegraph: Кыргызстан туризм үчүн коопсуз өлкө


Британиядан чыккан The Telegraph басылмасы өз атуулдарына коопсуз саякаттоо үчүн дүйнөнүн интерактивдүү картасын смартфонго шилтеме катары чыгарды. Анда англис туристтери үчүн кооптуу делген өлкөлөрдү белгилегенде кызыл жана сары түскө боёлсо, коопсуздары жашыл болуп өзгөрөт.

Британдыктар үчүн эң эле кооптуу өлкөлөрдүн башында Африка континенти турат. Британиянын Тышкы иштер министрлиги Иран, Ооганстан, Бурундий, Борбордук Африка Республикасы, Чад, Конго демократиялык республикасы, Гвинея, Ирак, Ливия, Мавритания, Непал, Палестина, Сьерра Леон, Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йеменге барбоону сунуштайт.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын да түзү кызыл, Орусияныкы толугу менен сары. Бул картанын максаты британиялыктарды дүйнөдөгү террордук чабуулдардан сактоо экени басылмада белгиленген. (BCh)

XS
SM
MD
LG