Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Базарбаев: майыптыкты далилдөө системасы реформаланышы керек


Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Калык Мамбетакуновдун Дүлөйлөр жана сокурлар бирикмесинин жетекчиси болуп кайра шайланышы менен куттуктаган учурда билдирди. Мындан сырткары мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу, майыптарга үй куруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына акча сунмайын майыптык топ ала албай жаткан учурлар коомчулукта арбын айтылып келет. Кыргызстан боюнча майыптык бере турган 28 медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү хирург, терапевт жана невропатолог болуп үч дарыгерден турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG